Финансы министрлиги социалдык жардам көрсөтүүгө 9,6 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлдү
Калкка социалдык жардам көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен 2023-жылдын I-жарым жылдыгына 9,6 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
Анын ичинде:
– 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул “Үй-бүлөгө көмөк” – 2,7 млрд сом;
– “Балага сүйүнчү” баланын төрөлгөндүгү үчүн бир жолку жөлөк пул – 292,1 млн сом;
– социалдык жөлөкпулдар – 4,2 млрд сом;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар – 287,4 млн сом;
– сөөк коюу кызматтарын көрсөтүүгө – 37,2 млн сом;
– калкка жеңилдиктердин ордуна компенсациялар (Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары, Чернобыль АЭСинин катышуучулары ж.б.) – 515,6 млн.
– кесиптик окууга чыгашалар (жумушсуздарды окутууга) – 17,2 млн сом;
– коомдук иштерди уюштурууга кеткен чыгымдар – 29,4 млн сом;
– аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык контракт – 987 млн сом;
– туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жеке жардамчысы үчүн – 568,2 млн сом;