Кара-Кулжа районунда 4 мектеп пайдаланууга берилет
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Алайку өрөөнүнө болгон иш сапарынын алкагында облустун билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү приоритети болгон жаңы мектептердин курулушу менен таанышты.
Облус башчысы иштин сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле ишти жайлата турган айрым кемчиликтерди терең карап чыгууну тийиштуу жетекчилерге тапшырды.
“Президентибиз Садыр Нургожоевич билим берүүнү приоритет кылып, анын өнүгүшүнө бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатат. Эми сиздерден сапат жана мөөнөткө жооп берүү талап кылынат. Эгер көйгөйлөр, кыйынчылыктар болсо, ачык талкуулап, чечүү жолдорун издейли. Биз мектеп долбоорлорун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү менен элибиздин ишенимин акташыбыз керек», – деди Эльчибек Джантаев
Жыйынтыгында бардык жетекчилерди жана аткаруучуларды берилген тапшырмаларды кабыл алып, курулуш тармагындагы милдеттерди ишке ашырууга максималдуу көңүл бурууга чакырды.