Түптө сел 24,5 га айдоо жерин каптады
2-августта Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагынын Кең-Суу, Байзак айылындагы Узун-Сай коктусунан кыска мөөнөттөгү жаандын кесепетинен сел агып түшүп, турак үйлѳрдү, айдоо аянттарын жана ички чарбалык кѳпүрѳлѳрдү каптаган. Райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана Түп району боюнча ƟК бѳлүмүнүн кызматкерлери жааган жаандын кесепетин жоюу максатында жеринде ыкчам иштерди түнү менен аткарышкан.
Жерине тартылган күч- каражаттарга токтолсок, 3-август күнү саат 19:00гѳ карата КР ӨКМ тарабынан жалпы 72 куткаруучу, Түп райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 40 кызматкер, айыл ѳкмѳттѳн 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам, “Кызыл Ай” коомунан 5 адам иш алып барышкан.
Ошондой эле КР ӨКМдин мониторнг жүргүзүү божомолдоо департаментинен 4 кызматкер келип кооптуу тилкелерди аныкташууда.
КР ƟКМден 3 бирдик экскаватор, 5 мотопомпа, 3 АСМ, 1 АЦ тартылган. Буга кошумча коңшу район-шаардан, Каркыра айыл аймагынан техникалар тартылган.
Тактай кетсек, селдин кесепетинен Кең-Суу айылында жана Байзак айылдарында жалпы 48 турак үйдүн короо жайын каптаган. Кең-Суу айылында 31 турак үйдүн короо жайын, анын ичинен 6 турак үйдүн жер тѳлѳѳсүнѳ суу толуп калган, жаңы курулуп жаткан 1 турак үйдүн дубалы, 3 сарайдын дубалы кулаган. Ал эми Байзак айылында 17 турак үйдүн короо жайын, анын ичинен 2 турак үйдүн ичине чейин суу кирген жер тѳлѳѳсүнѳ толуп калган.
Ошондой эле болжол менен Кен-Суу айылында жалпы 24,5 га айдоо жерин суу каптап, анын ичинен 4,5 га буудай, 16,5 га арпа, 1,5 га картошка, 2 га беде түздү.
Ал эми Байзак айылында 0,11 га айдоо жериндеги картошканы жана 0,4 га арпаны суу алып кеткен.
Кеч кирип кеткендигине байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтотулду.
Кошумча маалымат берилет.