12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышты.

Таанышуу учурунда бул кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында өлкө Президентинин тапшырмасына байланыштуу иш жанданганы жана  Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылаары айтылды.

Белгилей кетсек, Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Учурда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылса, кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет, буга байланыштуу бул аймактардын кара отунга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толук камсыздай алат.

Связанный пост