Бишкекте 1400 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду
Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Бакаев көчөсү 140/5 дарегинде жайгашкан муниципалдык аймакка мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор алынды.
Алсак, иштин жүрүшүндө 151 метрди түзгөн темир тосмо жана 40 тонналык эки контейнер алынды. Мыйзамсыз тосмодон бошотулган муниципалдык жердин жалпы аянты 1400 чарчы метрди түзөт.
Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.