Бишкек шаарынын аялдамаларын жакшыртуу иштери кызуу жүрүп жатат

 Бишкек шаарынын аялдамаларын жакшыртуу иштери кызуу жүрүп жатат

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Дэн Сяопин проспектиси  менен  Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама комплексине асфальт төшөй баштады.

Аткарылып жаткан иштер Ленин райондук администрациясынын протоколдук буйругунун негизинде ишкананын өндүрүш планына киргизилген.Белгилей кетсек, буга чейин аталган аялдама комплексинин аймагы начар абалда болгон.

Ушундай эле иштер Октябрь районундагы Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун түштүк тарабында жайгашкан аялдама комплексинин аймагында да жүргүзүлдү.

Связанный пост