№59 мектептин кошумча имаратынын курулушу аяктоодо

 №59 мектептин кошумча имаратынын курулушу аяктоодо

Ленин районун акиминин орун басары Б.О. Караев №59 орто мектептин 1072 чарчы метр эки кабаттуу кошумча имаратынын курулушу менен таанышты.

Курулуш иштери 2019-жылы башталган. Имаратта 11 предметтик кабинет,  орто жана жогорку класстын 150 окуучусуна ылайыкталган.

Эске салсак, объектте Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын буйругу менен «Төлөс Строй» ЖЧКсы подряддык уюму иштеп жатат. Жалпы наркы 34 миллион сомду түздү.

Акимдин  орун басары кошумча имараттын курулушун жана көрктөндүрүү иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын берди.

Жаңы имараттан тышкары,  №59 мектепте жаңы газ менен иштеген откана курулуп жатат.

Связанный пост