Борбор калаанын кесилиштерин көрктөндүрүү иштери уланууда

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы борбор калаанын кесилиштерин көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Акыркы бир жуманын ичинде шаар дагы эки ландшафттык бурчка ээ болду, жашылдардыруучулар Бөкөнбаев/Ибраимов, Байтик-Баатыр/Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин, ошондой эле Пушкин көчөсүндөгү Курманжан Датканын эстелигинин алдын   көрктөндүрүштү.

Бул жолу жашылдандыруучулар жол кесилишин жакшыртууда мрамор, башка табигый таштар жана өзгөчө кабык түрүндөгү жасалгалоочу элементтерди гана эмес, өздөрүнүн күнөсканасында өстүрүлгөн бир жылдык гүлдөрдү да отургузушту.

Белгилей кетсек, аталган жерлерге  автоматтык сугаруу системасы орнотулуп, газон чөптүн үрөнү себилген.

Связанный пост