Бишкектин Ленин районунда «Өспүрүм-эмгек» ату рейд өттү. 9 ата-энеге протоколдор түзүлдү

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм-эмгек» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

2023-жылдын 12- июлунан 14- июлуна чейин Ленин районунун аймагында «Өспүрүм-эмгек» профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө ата-эненин иштегенине жардам берген 72 бала аныкталып, андан сырткары ата-энесинин коштоосунда жүргөн 30 бала аныкталды, анын ичинен 21 бала КР ИИМдин ЖУАБга өткөрүлдү, 9 бала ата-энелерине тапшырылды. Ошондой эле 9 ата-энеге протоколдор түзүлдү.

Связанный пост