Түркиянын Ван аймагында жашаган кыргыздарды тарыхый-этнологиялык өңүттө изилдөө иштери уюштурулду
2023- жылдын 1-10- июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памира айылында жашап жаткан кыргыздардын тарыхын , салттуу маданиятын жалпы изилдөөгө алуу максатында тарыхый-этнологиялык өңүттө изилдөө иштери уюштурулду.
Иш аракет Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-жылга карата бикитилген иш- планына ылайык ишке ашырылды.
Мындай аракет маданий мурастарды сактап калуу, дүйнө жүзүн таң калтырган кыргыздардын көчмөн маданиятынын улуу жетишкендиктери жана баалуу мурасты жараткан элдердин ортосунда маданий карым -катнаш жана байланыштарды бекемдөөгө шарт түзмөкчү.
Изилдөө иштерине Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын профессору, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты Сулайман Кайыпов, тарых илимдеринин доктору, профессор, Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин тарых бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Назира Момунбаева, кол өнөрчү Асель Калканова жана изилдөө иштерине координатор катары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Атыркүл Сейизова катышты.
Улуу Памир айылында жашап жаткан кыргыздардын тарыхын, салттуу маданиятын жалпы изилдөөгө алуу иштеринде Ван кыргыздарынын элдик оозеки чыгармаларындагы өзгөрүүлөр, кыргыз тилин колдонуудагы жаңы жагдайлар, муундардын арасындагы айырмачылыктар, Памир кыргыздарынын менталдык сөздүгү үчүн материалдарды жыйноо, салттуу маданият системасынын сакталышына байкоо жүргүзүү, жаңы элдик оозеки чыгармаларды жазып алуу, териден жана жыгачтан жасалган салттуу буюм-тайымдарды жана аялдардын салттуу кийимдерин жана кооздук буюмдарын изилдөө жана элечек (каляк) ороо, өрмөк согуу, саймачылык өнөрүн үйрөнүү аракеттери болду.
Мындай изилдөө иштери байыркы көчмөн кыргыздарынын, анын ичинде Ван аймагына журт которуп кеткен ата-бабалардын изин, таржымалын тариздөөгө арналып, Ван кыргыздарынын жалпы маданияты менен таанышуу жана аларды изилдөө, тарыхый-этнографиялык маалыматтарды топтоого багытталды.
Учурда аталган жумушчу топ тарабынан Ван кыргыздарынын маданиятын толук чагылдырган “Улуу Журт” аталышындагы көргөзмө уюштуруу, ошондой эле илимий-популярдуу китепти басмадан чыгаруу боюнча материалдар даярдалууда.
Көчмөндөрдүн көөнө маданиятынын тарыхы өтө терең экендиги тарыхый булактар аркылуу бизге белгилүү. Кыргыздар көптөгөн мезгилдер бою маданий-руханий баалуулуктарды туу тутуп, өнүгүп келген. Мына ушундай ыйык маданиятыбызды сактап калуу максатында улуу өнөрдү ушул күндө да улантып, аздектеп келе жаткан журтубуздун бир бөлүгү болгон Ван аймагында жашаган кыргыздарды изилдеп, андагы сакталып келе жаткан бардык маданий мурастарды каттого алып, аларды келечек муунга калтыруу жана даңазалоо негизги маселелерден болду.