Ош облусунан 320 бала “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо борборуна 10 күндүк эс алууга жөнөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-р “Алтын балалык” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда балдардын жайкы эс алууларын уюштуруу” боюнча буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин түзгөн графигинин негизинде 2023-жылдын 13-июлунан 23-июлуна чейин Ош облусунун аймагынан социалдык статусу бар жалпы 320 окуучу Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна жөнөтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен балдардын жайкы эс алуусу уюштурулуп жаткандыгын жана балдар үчүн кубанычка жана унутулгус таасирлерге толгон жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүү баарыбыздын милдетибиз экенин баса белгилеп, балдарга ак жол каалады. Ошондой эле балдарга жайкы эс алууну көңүлдүү өткөрүүнү жана сууга түшүүдө, жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү экенин белгиледи.
Ош облусунун аймагынан баруучу 320 окуучунун бардык каражаттары каралган жана 18 тарбиячы коштоп барууда. Ал эми окуучулардын Ош шаарынан Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо борборуна жеткенге чейин мамлекеттик жол коопсуздугун камсыздоо мекемесинин кызматкерлеринин коштоосу уюштурулду жана балдардын кайтып келүүсү да толугу менен жол коопсуздук кызматкерлеринин коштоосу жана көзөмөлүндө болот.

Связанный пост