Бишкекте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу боюнча рейд жүргүзүлдү

Свердлов акимчилигинин демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын №20 МАБнын адистери, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү жана «Бишкекжашылчарба» МИнын кызматкерлери менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды аныктоо боюнча рейд өткөрүштү.

Бул иш-чаранын максаты жапайы өскөн кара куурайдын өскөн жерлерин аныктоо жана аны андан ары жок кылуу болуп саналат. Рейддин жүрүшүндө Суворов көчөсүндө жалпы аянты 100 метрден ашык жапайы кара куурай өскөн аянттар табылган. Кара куурай кыйылып, өрттөлүп жок кылынды.

Адистер шаардыктарга анын өсүү борборлорун жок кылуу, чогултуу жана керектөөгө жол бербөө боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы тууралуу маалымат беришти.

Кара куурайды колдонуу мээнин структуралык бузулушуна, эс тутумдун начарлашына алып келет.

Связанный пост