Өлкө аймагында жыл башынан тарта 6-июлга чейин 52 адам сууга чөгүп каза болду

 Өлкө аймагында жыл башынан тарта 6-июлга чейин 52 адам сууга чөгүп каза болду

Акыркы маалыматтарга таянсак, быйыл суу кырсыгынан 52 адам каза болду. Сууга чөккөндөрдүн катарында эркек, аял, өспүрүмдөр ал тургай, наристелер да бар.

Өткөн жылга салыштырмалуу бул сан 25%га өскөн. Тактап айтканда, 2022-жылдын 6-июлуна чейин көлгө, дарыяларга, кичи көлмөлөргө, агын сууларга чөгүп каза болгондордун саны – 39ду түзгөн.

Ал эми быйылкы жылдын 27-июнунан 3-июлуна чейинки сандарга көз жүгүртсөк, сууга 12 адам чөгүп каза болгон.

Бул сан эс алуу учурунда ар бир адам суу коопсуздук эрежелерин так сактоого, балдарын көзөмөлдөөгө чакырык таштайт.

Связанный пост