Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун ачылышына катышты

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун салтанаттуу ачылышына катышууда.
Мэр, “Астана – келечектин шаары” форумунун катышуучуларын кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан салам айтуу менен Астананын 25 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап жатып, эзелтен кыргыз-казак бир тууган, ата-бабалардын улуу мурасын улоо, кылымдар бою уланып келе жаткан бир туугандыкты, достукту, биримдикти, карым-катышты бекемдөө, мезгил чакырыктарына жараша ага жаңы маани, жаңы түс берүү, мамлекеттер жана шаарлар ортосундагы байланышты, эки тараптуу мамилени жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү, алып кетүү азыркы муундун, биздин башкы милдетибиз жана парзыбыз жөнүндө белгилей кетти.
Куттуктоо сөзүндө: “Бир тууган эки элдин жана эки борбор шаарлардын өз ара экономикалык, маданий байланыштары мындан ары да бекемделип, өнүгүп-өсүп кыргыз-казак Элдеринин кызыкчылыгына кызмат кыла беришин каалаймын.
Президенттерибиз Садыр Нургожоевич Жапаров жана Касым-Жомарт Кемелович Токаевдин бир багытта, бир максатта үзүрлүү иштеп жаткандыктары баарыбызды кубандырат жана жаңы ийгиликтерге шыктандырат,”- деп белгиледи Эмилбек Абдыкадыров.
Мындан тышкары калаа башчысы Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жана тажрыйба алмашууга ар дайым ачык экенин белгиледи.
“Мааракелик иш чара – элдердин достугун, шаарлар ортосундагы байланыштарды мурдагыдан дагы бийик сапатка чыгарып, бир туугандыктын жана өз ара карым-катнаштын даңктуу салттары мындан ары да достуктун, ынак коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине ишенем,”- деп белгиледи Эмилбек Абдыкадыров.
Эске салсак, “Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” иш-чарасына дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Германия, Италия, Израил, Түркия, Польша, Индия, Россия, Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Япония, Азербайжан, Түштүк Корея жана башкалардан 1300гө жакын адам иш-чарага катышууда.
Форумда бир катар эл аралык келишимдерге кол коюу, ошондой эле шаарларды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана алардын заманбап глобалдык дүйнөдөгү өсүштүн жана инновациялардын негизги борборлору катары ролун талкуулоо пландалууда.

Связанный пост