Ош шаарындагы 225-кварталда жаңы социалдык имараттардын курулушу аяктады

Ош шаарынын 225-кварталында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП), окуу борборунун жана мечиттин курулушу аяктап, социалдык курулуштар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышты.
Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга, аталган имараттарды курган «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө документтерди даярдоодо көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, 1,5 жылдын ичинде курулуп бүткөн имараттардын жалпы аянты 400 квадрат метрден ашат. Мында шаардын муниципалдык кызматтары тарабынан көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.

Связанный пост