Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовго сөгүш берилди

 Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовго сөгүш берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Женишовичке сөгүш берилди.

Эске салсак, Президенттин “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлөт.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек.

Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол берген.

Связанный пост