Таласта шаар көчөлөрүнүн кесилиштерине газон өстүрүлөт

Шаар аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында Талас шаарынын борбордук көчөлөрүнүн кесилиштерине газон өстүрүлөт.

Бүгүнкү күндө Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан газон өстүрүлө турган жер аянттарынын орду даярдалып, отоо чөптөрдөн тазаланды.

Жакынкы күндөрдө газон эгүү иштери жүргүзүлөт.

Связанный пост