ИИМ: Курман айт күнү коомдук тартипти сактоого республика боюнча 6 миңге жакын кызматкер тартылат
28-июнь күнү Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленип жаткандыгына байланыштуу, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган майрамдык иш-чарада коомдук тартипти сактоого республика боюнча 6 миңге жакын кызматкер тартылат.
Ошондой эле, 1 миңден ашык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылып, алар атайын посттордо иш алып барышат.