Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду түзүлгөндөн бери 3 миң 317 инвестициялык долбоорду каржылады

Бүгүн, 27-июнда, Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев видеоконференция форматында Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун Кеңешинин 17-жыйынына катышты.

РКӨФнын кеңешинин отурумунун күн тартибинде төмөнкүдөй бир катар маселелер каралды:

  1. РКӨФнын 2023-2027-жылдарга стратегиясы;
  2. РКӨФнын 2022-жылга жылдык отчету;
  3. Кредиттик портфелдин сапаты жана РКӨФнын көйгөйлүү активдери жөнүндө отчет, ж.б.,

Белгилей кетсек, 2015-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду түзүлгөндөн бери Фонд жалпы суммасы 517,8 млн АКШ долларына 3317 инвестициялык долбоорду каржылаган, б.а. Фонддун уставдык капиталынан ашкан суммада (500 млн. АКШ доллары). Фонддун кредиттик компанияларынан түшкөн салыктар жана социалдык төлөмдөр өлкөнүн жалпы бюджетинин 2,0 пайызга жакынын түзөт.

Связанный пост