1 миң 250 кг жапайы өскөн кара куурай жок кылынды

2023-жылдын 22-июнь күнүнөн тартып Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Ноокат районунун аймагында “Кара-Куурай” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган райондун Гулистан, Абдулхай Мирмахмудов жана Төрөбай Зулпуев атындагы айыл аймактарда каналдардын, дренаждардын жээктеринде, айдоо жерлердин четинде жапайы өскөн кара куурайлар жулунуп, атайын белгиленген калктуу конуштардан алыс жерге алып барылып, өртөө жолу менен жок кылынды.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер, айылдын активисттери катышты. Бардыгы болуп 2,24га. жер аянтта жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Жалпы жок кылынган кара куурайдын салмагы болжол менен 1250 кг.
Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасы айыл башчылар жана медицина кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү тургундарга кара куурай өсүмдүгүнүн зыяндуулугу, адамдын организимине тийгизген терс таасирлери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Связанный пост