Казакстандагы мекендештердин балдары Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жөнөтүлдү

КР ЖК Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин демилгеси жана Алматы шаарындагы коомдук өкүлдөрүнүн аракети менен Казакстан Республикасында жашаган кыргызстандыктардын балдары үчүн Ысык-Көлдө эс алуу лагери уюштурулууда.

 

Бүгүн 65 баладан турган алгачкы топ Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексине жөнөтүлдү.

 

Балдарды узатууга катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары Нуржигит Кадырбеков, Айбек Маткеримов жана Төраганын алдындагы Миграция кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман чет жердеги мекендештердин балдары үчүн уюштурулуп жаткан саамалыктын маанилүүлүгүн белгилеп, келечек ээлерине жакшы тилектерин айтышты.

Связанный пост