Кара-Кулжада алгачкы жолу чакан ГЭС ишке берилди

“Энерджи Буйга” ЖЧКсы тарабынан Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусуна кубаттуулугу 400 кВТ.ч болгон “Ыдырыс уулу Рыскул” атындагы “Буйга-1” чакан ГЭСи курулуп, ишке берилди.

 

Ачылыш салтанатына КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев катышып, өлкөбүздө чакан ГЭСтерди куруу кызуу жүрүп жаткандыгын билдирип, энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу, электр энергиясына болгон муктаждыктарды чечүү жана эң негизги чоң потенциалдарыбыздын бири болгон сууну туура пайдаланууга өбөлгө түзүү учурдун маанилүү маселеси экендигин белгиледи.

 

Ачылыш салтанатында КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Джантаевдин атынан чакан ГЭСти курууну колго алган ички инвестор “Энерджи Буйга” ЖЧКсынын жетекчилигине Ардак грамоталар берилип, демилгечи Ыдырысов Рамис мырзага белектер тапшырылды.

 

“Ыдырыс уулу Рыскул” атындагы “Буйга-1” чакан ГЭСи жеке ишкер Рамис Ыдырысов тарабынан 2021-жылы курулуш иштери башталып, 2023-жылы бүткөрүлгөн. Учурда Кара-Кулжа районунун Чалма, Капчыгай айылдарын электр энергиясы менен камсыздоодо. Мындан сырткары, жакынкы мезгилдерде “Буйга-2” чакан ГЭСинин курулушун долбоорлоо иш-аракеттерин пландоодо.

Связанный пост