ЮНЕСКОнун Башкы директору Улуттук тарых музейине барды
2023-жылдын 9-июнунда ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барды жана анда анын келишинин урматына 2003-жылдагы Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө ЮНЕСКОнун конвенциясынын 20 жылдыгына жана «Манас, Семетей, Сейтек» эпикалык үчилтигинин адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилгендигинин он жылдыгына карата көргөзмө уюштурулду.
Одрэ Азуле экспонаттар менен таанышып, 2017-2021-жылдары адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине кирген Кыргызстандын үч улуттук номинациясы боюнча ЮНЕСКОнун сертификаттарын тапшырды: «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктү майрамдоо”, «Эркектердин баш кийими Ак калпакты жасоо жана кийүү боюнча салттуу билим жана көндүмдөр» жана «Көк-бөрү, салттуу ат оюну».
ЮНЕСКОнун Башкы директору өлкөнүн тарыхый маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу боюнча Кыргызстандын аракеттерин жогору баалап, ал жетектеген уюм Кыргызстанга бул багытта ар тараптан колдоо көрсөтөрүнө ишеним билдирди.