МБК 2023-жылдын май айында 9,6 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздады

 МБК 2023-жылдын май айында 9,6 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздады

МБК 2023-жылдын май айында 9,6 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 122,5%га аткарылды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын май айына карата республикалык бюджетке иш жүзүндө 9,6 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 122,5%га аткарылып, 1,8 млрд сомго ашыкча жыйналды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 5,6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 244,1%ды түздү.

Связанный пост