УКМКнын төрагасы Баткендеги чек-ара жаңжалында жаракат алган Шоира Жулдибоева менен жолугушту

Бүгүн, 2023-жылдын 6-июнунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуу учурунда жол кырсыгынан алган жаракатынан улам майып болуп калышкан (автоунаада 24 адам болгон, алардын 12си алган жаракаттан улам каза болгон, анын ичинде жолдошу Абдыганы Мамиров, уулу Абдырашидов Максатбек жана кызы Сумай Абдырашитова да болгон) Баткен облусунун тургуну, 3 баласы менен дарыланып жаткан Джулдибоева Шоира Тухтаевна менен жеке жолугушуу өткөрдү.
Дарыгерлердин сунушу менен Ш.Жулдибоева жана анын кыздары Бишкектен дарылануусу зарыл, ал эми балдар психологиялык жактан жабыркап, Баткен облусуна үйлөрүнө кайтып баргылары келбейт.
Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев Бишкек шаарынан жеке турак-жай алууга көмөк көрсөтүүгө убада берип, ошондой эле дарыланууга материалдык жардам көрсөттү.

Связанный пост