Быйыл энергетика тармагын каржылоого 31,1 млрд сом каралган

 Быйыл энергетика тармагын каржылоого 31,1 млрд сом каралган
2023-жылга энергетика тармагын каржылоого 31,1 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Анын ичинен бюджеттик каражаттар 22 млрд сом, атайын эсептин каражаттары жана мамлекеттик инвестициялар 9,1 млрд сом. Алар:
«Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоо наркы 2023-жылдын 30-майына карата 1,6 млрд сом каралган. 2023-жылдын 30-майына карата 1,1 млрд сом бөлүнгөн.(70,5%)
2023-жылга Республикалык Бюджетте жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер тарабынан керектелген электр энергиясына кеткен чыгымдарды жабууга 1,1 млрд сом каралган. 2023-жылдын 30-майына карата 603,9 млн сому (49,4%) каржыланды.
2023-жылга бюджеттик кредиттер 4,7 млрд сом өлчөмүндө каралып, 1,1 млрд сом бөлүнгөн. Алар:
⮚ “Электр станциялары” ААКна – 3 млрд сом каралып, 700,0 млн сом бөлүнгөн.
⮚ «Чакан ГЭС» ААКна Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагынчында “Бала-Саруу” кичи ГЭСинин курулушуна 2 млрд сом каралган.
2023-жылы 0,5 млн сом каралса, анын 0,2 млн сому бөлүнгөн.
⮚ Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоорунун долбоордук-изилдөө иштери менен даярдык мезгилиндеги объектилерди куруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн «Электр станциялары» ААКнын бюджеттик ссудасында жалпы 1,5 млрд сом каралган.
2023-жылга 0,8 млн сом каралган. Учурда 0,2 млн сом бөлүндү.
⮚ Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушуна 0,4 млн сом өлчөмүндө бюджеттик насыя каралган.
Капиталдаштыруу: Мамлекеттик стратегиялык энергетикалык ишканалардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында уставдык капиталды көбөйтүүгө «Электр станциялары» ААКга жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКга 10,8 млрд сом каралган. 2023-жылдын 30-майына карата 0,5 млн сом бөлүндү.
2023-жылдын 30-майына карата Энергетика министрлигинин административдик чыгымдарына 125 млн сом (бюджеттик, атайын эсептин каражаттары) каралган. Учурда 71,3 млн сому каржыланды.

Связанный пост