6-7-июнь күндөрү Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөргө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

 6-7-июнь күндөрү Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөргө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

Катар мамлекетинин Эмири мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келүүсүнө байланыштуу 6-7-июнь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын төмөнкү борбордук көчөлөрүнүн унаа кыймылына мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

– Манас Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин,
-Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен Жибек-Жолуга чейин,

-Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү.

-Жаш-Гвардия бульвары түштүктү карай Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, кең Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү.

-кең Чүй көчөсү Жаш-Гвардия бульварынан тартып, чыгышты карай Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү.

-Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү.

-“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ала-Арча” эс алуу паркына чейин.

Связанный пост