Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада алтын, күмүш жана коло медалга ээ болушту
Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.
Олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты.
Кыргызстан командасы:
- Корнияш Фёдор, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;
- Акенеев Тимур, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;
- Мусаходжаев Султан, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль;
- Даниярова Мерида, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектеби – катышуучу;
- Шакиралиев Адилет, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
- Сарыкбаев Саян, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
- Токтоназаров Амантур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
- Айдаров Бектур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу.
Команданын машыктыруучусу: “Газпром Кыргызстан” мектебинин мугалими Мамат Ишматов.