Ош облусунун Жылалды айылында заманбап мектеп курулат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Жылалды орто мектебинин имаратына капсула салуу аземине катышты.
Ош облусуна караштуу Жылалды айылында 827 кожолукта 4561 калк жашайт. Жылалды орто мектебинин имараты 1970-жылдары “Чабандар үйү” деп курулган. Бул имаратын эскилиги жетип, авариялык абалга келген. Мектепте билим алып жаткан окуучулардын саны 636, мугалимдердин саны 36.
Жылалды атындагы орто мектебинин 275 окуучуга ылайыкталган жаңы имаратынын долбоору түзүлгөн. Жаңы имарат спорт зал жана ашкана менен жабдылып, окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө оптималдуу шарттар түзүлөт. Долбоорду каржылоого республикалык бюджеттен 117 миллион сом каралган.
Облус башчысы Эльчибек Джантаев Жылалды атындагы орто мектептин жаңы имаратына капсула орнотуу аземине катышып, бул демилге Президентибиздин билим берүүнү өркүндөтүү жана бардык окуучулар үчүн жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүү боюнча туруктуу ишинин натыйжасы экенин баса белгиледи.
Жылалды атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу облустун билим берүү тармагын өнүктүрүүдө жана 636 окуучу, 36 мугалимге билим берүүдөгү шарттарын камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат.

Связанный пост