Президент Садыр Жапаров Түп районунун акими Каныбек Адиевке сөгүш берди
Президент Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – аким Адиев Каныбек Маматбековичке сөгүш берди. Ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.
Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев маалымдагандай, буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду.
“Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек. Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат”, – деп белгиледи Султанбаев.