Өзгөн районунда сентябрь айына чейин бир нече мектептер пайдаланууга берилет

Кыргыз Республикасынын Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте облус башчысы Эльчибек Джантаевтин тапшырмасына ылайык, 2022-2023-окуу жылына пайдаланууга берилүүчү Өзгөн районундагы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Уристем Манапов иш сапарынын жүрүшүндө курулуштун жүрүшү менен кылдат таанышып, жооптуу адамдар менен негизги маселелерди талкуулады. Ал бардык иштердин сапаты менен бирге курулушту өз мөөнөтүндө бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, курулуштун ийгиликтүү аякташына терең кызыкдар экенин билдирип, жаңы мектеп облустун билим берүү инфраструктурасы үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Бул мектептердин курулушунун аяктоосу облус үчүн сапаттуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана билим берүү сапатын өнүктүрүүгө салым кошот.
Өзгөн районунда сентябрь айына чейин Токтогул айылындагы Шопоков, Алга айылындагы К.Ботобеков, Үч-Капчал айылындагы Оморкулов, Салам-Алик айылынын Примкулов атындагы мектептер бүткөрүлүп пайдаланууга берилет.

Связанный пост