Москвада ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтер кабыл алынды
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЭК) бүгүн, 25-майда өткөн кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынып, кол коюлду.
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
“2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлик жөнүндө келишимге Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өнөр жай тармагындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө”;
“Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулганына байланыштуу, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына киргизилген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык бирилигинин органдарынын актыларын Кыргыз Республикасынын колдонуусунун шарттары жана өткөөл жоболору жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө”;
“2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө («III Чоң Протокол»)”.
Ошондой эле жыйындын жыйынтыгы менен төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
“2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 «2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө» чечимин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө”;
“Евразия экономикалык биримдиктин 2022-жылга эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө”;
“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;
“Евразия экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттер тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө”;
“Табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө Протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалымат берүү жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеме)”;
“Евразия экономикалык комиссиясынын Иштөө регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;
“Евразия экономикалык биримдиктин алкагында кызмат көрсөтүүнүн айрым тармактары боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө”;
“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 112 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;
“2021-2022-жылдары Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер тарабынан Кызмат көрсөтүүлөрдү, мекемелерди жана иш-аракеттерди соодалоону жөнгө салуу эрежелеринде каралган жоболорду ишке ашыруунун мониторингинин жыйынтыктары жөнүндө”;
“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 7 Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;
“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө”.