Бишкектин айрым көчөлөрүндө 5 күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

 Бишкектин айрым көчөлөрүндө 5 күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы 22-майдан 26-майга чейин Бишкек шаарынын Фере – Мусоргский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө жаратылыш газынын сызылып агышын жоюу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Ушуга байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Саадаев, Жапаров, Республиканская (Ала-Арча д.), ЧЧК, Дачная.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Связанный пост