Нарын шаарында энелер күнү белгиленди

Нарын шаарында энелер күнү белгиленип, майрамдык иш чарага 250 баатыр эне чакырылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

“Элибизде эзелтеден келе жаткан бир жакшы сөз бар, ” Кыз бала төрөлгөндө анын энесине бейиштин эшиктери ачылат, ал турмушка чыкканда жолдошунун ыйманы жакшырат, ал төрөп, балалуу болгондо бейиш анын таман астында болот! Очоктун ээси, үйдүн куту, түндүктүн түркүгү болгон ардактуу ак элечек энелер сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ылайым уул-кыздарыңыздарыңвздардын ийгиликтерине, кубанычтарына күбө болуп, аман болуңуздар”-деп куттуктады Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев.

Майрамдык иш чарада Муратбек Рыскулов атындагы облустук академиялык музыкалуу драм театрынын артистери энелерге арналган поэзияларды көркөм окушуп, шаардык маданият үйүнүн жамаатынын жана бий топторунун концерти коштоду.

Майрам ээлерине бөлмө гүлдөрү тапшырылды. Энелерди майрамддатуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 125 миң сом каралган.

Связанный пост