Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматкерлери үчүн атайын 2 күндүк окуулар болуп өттү

 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматкерлери үчүн атайын 2 күндүк окуулар болуп өттү
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматкерлери үчүн атайын 2 күндүк окуулар болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Бул окууларынын негизги максаты тергөөнүн бүгүнкү шарттын бардык талаптарына жооп бере тургандай кылып, тергөөнүн сапатын, тергөөчүлөрдүн билим деӊгээлин ар тараптуу жогорулатуу болуп саналат.
Бул окутуулар “Таза тергөө” деген аталышындагы бул сабактардын алкагында, тергөөчүлөр ИИМдин автоматташтырылган маалыматтар тутуму боюнча билимдерин жогорулата алышты. Автоматташтырылган маалыматтар боюнча иштөө боюнча тергөөчүлөргө көптөгөн маалыматтар берилди.
2023-жылдын 16-17-май күндөрү Ош шаардык ички иштер башкармалыгында “Таза тергөө” аталышындагы автоматташтырылган маалымат издөө системасы тууралуу сабак болуп өттү. Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматынын санариптик өнүктүрүү жана документ жүргүзүү бөлүмчөсүнүн башчысы Азамат Дуйшеналиев бул сабактардын өзгөчөлүктөрү боюнча айтып берип, тергөөнүн сапатын жогорулатуудагы автоматташтырылган маалыматтарды пайдалануу жолдорун үйрөттү. Андан сырткары тергөө процессинде пайда болуп калчу айрым маселелерге токтолуп, аларды мыйзам алкагында чечүү жол жоболорун үйрөттү. Ошондой эле тергөө сапатын жогорулатуу үчүн заманбап санарип тутуму аркылуу жүргүзүлүп жаткан иш кагаздарга көзөмөлдү күчөтүүгө негизделген программанын алкагында дагы окутуулар өткөрүлдү. Тергөөнүн кызматкерлерине методикалык колдонмолорду, проекторду пайдаланышып, жаӊы ыкмаларды үйрөтүштү.
«Таза тергөө» сабактары ИИМдин маалыматтар технологиялык башкы башкармалыгынын жана ИИМдин тергөө кызматынын санариптик өнүктүрүү жана документ жүргүзүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлуп, тергөөчүлөр оздорун кызыктырган бардык суроолорго жооп ала алышты.
Окууга Ош ШИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги Улан Жукенов, башкармалыктын тергөө, криминалистика кызматтары жана бөлүмдөрдүн сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарлары катышышты.

Связанный пост