Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча санитардык талаптар бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын күн тартибине 15 маселе коюлган.
Анда, Министрлер Кабинетинин чечими менен кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окутуу жүргүзүлүүчү кесиптердин тизмеси бекитилди.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев белгилегендей, бул токтом эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон жумушчуларды жана адистерди даярдоо тармагында натыйжалуу ишти камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Тизмеге ар түрдүү тармактардагы 159 кесип жана адистиктер киргизилген.
Министрлер Кабинетинин башка чечими менен “Улуттук “Манас” академиясы жана Чыңгыз Айтматов” мамлекеттик мекемеси “Манас” Улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси болуп өзгөртүлдү, ал эми Ч.Т. Айтматовдун чыгармачылык мурасына байланыштуу илимий-изилдөө функциялары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна которулду.
Мындан тышкары, жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча санитардык талаптарды бекитүү чечими кабыл алынды.
Сунушталган санитардык талаптар колдонуудагы нормаларга, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрт коопсуздугунун эрежелерине ылайык иштелип чыккан жана 2025-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот.