МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Жасалма интеллект технологиялары менен жашай албаган жана өз ара аракеттене албаган адам сабатсыз болот

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Санариптик технологияларды колдонуу менен заманбап жана натыйжалуу билим берүү системасын түзүү “Санариптик мектеп” форумуна катышты.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы билим берүү тармагын реформалоонун 5 багытына токтолуп, технологиянын өнүгүшү менен билим берүү системасын толугу менен реформалоо милдети коюлганын белгиледи.

“Жасалма интеллект технологиялары менен жашай албаган жана өз ара аракеттене албаган адам сабатсыз болот. Азыр маалыматтык технологиялар жаштарга социалдык абалына, материалдык абалына жана башка факторлорго карабастан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берди”, – деп билдирди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы “жакынкы он жылда адамдардын ылайыктуу билиминин жоктугунан он миллиондогон жумуш орундары бош болоорун” кошумчалады.

Мындай шартта Акылбек Жапаровдун айтымында, “мугалимдердин ролу таптакыр башка мааниге ээ”.

“Эгерде мугалимдерибиз заманбап технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, жаңы билимге ээ болуп, жаңы жөндөмдөрдү өздөштүрбөсө, өздөрүнө жаңы горизонтторду таппаса, балдарыбыз “артта” калат. Биз балдарыбызды алар 25 жылдан кийин жашай турган доордун талаптарына жооп бере тургандай тарбиялашыбыз керек”, – деп жыйынтыктады МинКаб Төрагасы.

Белгилей кетсек, форумда венгриялык “Mozaik Education” компаниясы тууралуу презентация болду.

Белгиленгендей, компания интерактивдүү 3D-моделдери, билим берүү видеолору жана тапшырмалары бар билим берүү программаларын жана санариптик окуу китептерин дүйнөлүк деңгээлде иштеп чыгат. Компаниянын өкүлдөрү өздөрүнүн программасын Кыргыз Республикасынын бардык окуу жайларына киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост