Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга келди

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына (КЭР) келди.

Мамлекет башчынын учагы Сиань шаарындагы “Сяньян” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы КЭР маданият жана туризм министри Ху Хэпин тосуп алды.

Ушул эле жерде жогорку даражалуу коноктор үчүн чакан концерттик программа тартууланды.

Эске салсак, мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы «Борбор Азия-Кытай» саммитинин ишине катышат, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушуулар жана башка расмий иш-чаралар пландалууда.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Кытайдын үч шаарында – Сиань, Пекин, Цзинань шаарларында өтөт.

Связанный пост