Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 5 чакырым аралыгы асфальтталат
Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 14,5-19,5 чакырым аралыгы асфальтталат. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда жолдун Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу тилкесин кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жер иштери бүткөн соң асфальт жаткыруу процесси башталат.
Белгилей кетсек, жалпы 85 чакырым узундуктагы Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 34 чакырымы асфальтталган.
Мындан тышкары, №21 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Ош шаарындагы Т. Касымбеков атындагы көчөдө жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруп, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолун бойлой коюлган белгилерди актап, сырдап, тазалап жатышат.