Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлеринин жолугушуусу өттү
Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн 11-апрелде Баткен облусунун Кадамжай шаарында Өзбек Республикасынын Фергана облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлери менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлери ортосунда жолугушуу өтүүдө.
Иш чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров ачып, чектеш облустардын ишкерлеринин кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган иш аракеттерге ийгилик каалады.
Өзбекстандан келген ишкерлерди Фергана облусунун башчысынын инвестиция, өнөр жай жана соода боюнча орун басары Икболжон Эргашев жетектеп келди.
Жолугушууга Фергана облусунан 76, Баткен облусунан 100 ишкер катышууда.
Алгач ишкерлер ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр камтылган маалыматтар берилди.
Алдыда өзбек ишкерлери өз багыттары боюнча Баткен облусунун район шаарларына чыгып, баткендик ишкерлердин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышат.
Белгилей кетсек, бул иш чара 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында бекитилген КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбек Республикасынын Фергана облусунун хокимиятынын ортосунда 2023-2025-жылдарга кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү комплекстүү программанын алкагында уюштурулду.