Ысык-Көлгө 1,5 млн даана сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди
2023-жылдын 5-апрелинде, Балык чарба департаменти тарабынан Ысык-Көлдүн №38 жана №40 балык уулоочу тилкелерине 1,5 миллион даана сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Балыктандыруу иш-чарасы Балык чарба департаментинин кызматкерлери, «Ысык-Көл плюс» балык чарба кооперативи, КР УИА БИнун, Түп райондук ветеринардык кызматы, Ысык-Көл облусунун “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын ИИБ экологиялык милициясы, Ысык-Көл облусунун коомдук аңчылары жана балыкчылары уюму жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда жүргүзүлдү.
Балык чарба департаменти тарабынан 2023-жылдын 5-апрелине чейин жалпы 6 миллион 400 миң даана балыктын чабактарын балык чарба көлмөлөргө коё берилди.