Бажычылар 2023-жылдын 1-кварталында планды 1 млрд сомго ашык аткарды
Бажы кызматынын алдын ала маалыматтары боюнча МБК 2023-жылдын 1-кварталында бажы төлөмдөрүн чогултуу планын дээрлик 1 млрд сомго ашык аткарды. Бул тууралуу КР МБКнын басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын март айында, 2023-жылдын 3-апрелине карата бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндөгү түшүүсү 8,1 млрд сомду түздү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,5%га аткарылды же 568,9 млн сомго көп чогултулду. 2022-жылдын март айына салыштырмалуу түшүү 3,6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 180,4%ды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 3-апрелине карата бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 20,7 млрд сомду түздү. План 105,0%га аткарылды же 994,1 млн сомго ашыкча чогултулду. 2022-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу түшүү 6,5 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 145,9%ды түздү.