Быйыл «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун 15 чакырымын куруу пландалууда
2022-жылдын 31-мартында «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери башталган.
Курулуш иштерине мындан туура бир жыл мурун Президент Садыр Жапаров старт берген. Өткөн жылы пландалган 5 чакырым темир жол курулуп бүткөн.
Учурда “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери жанданды. Курулуш иштерине 20 атайын техника жана 30 жумушчу тартылган. 2023-жылы 15 чакырымдан ашык темир жол курулуш иштерин бүтүрүү пландалууда.