Таласта 110 жакыр үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен чакан бизнес ачышат
Бүгүн, 30-мартта, Талас шаарынын жана Талас районунун 110 үй-бүлөсү мамлекет менен социалдык келишим түзүп, чакан бизнес ачууга 100 миң сомго сертификат алышты. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сертификаттарды тапшыруу бүгүн, 30-мартта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана ЖК депутаты Руслан Жакышовдун катышуусунда өттү.
“Социалдык келишим-бул үй-бүлө башына түшкөн оор турмуштук кырдаалды жеңүү үчүн активдүү чара болуп эсептелет. Башында мындай милдет биздин алдыбызга КР Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо системасынан көз карандысыз болууга шыктандырууга.
Өткөн жылы мамлекеттин колдоосу менен өз ишин баштаган 2900 муктаж үй-бүлөлөр “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуудан баш тартышкан. Бул үй-бүлөлөр өздөрү киреше ала башташып, ошол эле убакытта алардын ар бири 2-3 жумуш орундарын түзүшкөн. Жалпысынан 15000ден ашуун адамдын жашоо деңгээлин жогорулаттык, бул жылы биз дагы 50 миң адамдын бакубаттуулугун жогорулатабыз деп пландаштырып жатабыз”, – деди министр.
Анын айтымында, социалдык келишим чакан ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү берет.
“Сүлүктү, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Жумгал, Манас, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата райондорунда 100 миң сомго сертификаттар берилди. Келишим жуманын башынан тартып түзүлө баштады, 4 күндүн ичинде 600дөн ашык жакыр үй – бүлө мамлекет менен социалдык келишимге кол коюшту”, – деди Кудайберген Базарбаев.