Бишкекте компьютердик томография борбору ачылды

 Бишкекте компьютердик томография борбору ачылды

Республикалык дартты аныктоо борборунда  заманбап компьютердик томограф жабдыгы орнотулду. Акыркы үлгүдөгү аппарат Кыргызстан боюнча  жалгыз гана. Томография Борбору Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун каржылоосу менен ишке ашууда. КТ аппараттары Бишкекте 2 жерде клиникалык тез жардам ооруканасында жана диагностикалык борборунда орнотулду.

Жабдык  Кытайда жасалган. Аппарат дененин бардык органдарын текшерет. Ооруну эң алгачкы этапта аныктай алат. Кызматтын баасы эки миң беш жүз сомду түзөт, бул жеке клиникаларга караганда алда канча арзан.

Компьютердик томографияларды орнотуу долбоору 2022-жылы  өлкөдө башталган. Ал калкка КТ кызматынын жеткиликтүүлугун  камсыздоо,  инвестицияларды тартуу милдетин ишке ашырат.

Жеке компания борбордун ички ремонтун, жана иш болмолөрун керектүү эмеректер менен жабдыган. Долбоордун алкагында жогорку  квалификациялуу дарыгерлерди тартуу жана адистерди окутуу жүрөт. Борбор 1 айдан кийин кардарларга кызмат көрсөтө баштайт.

Связанный пост