«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери башталды

 «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери башталды
«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери башталды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” Мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш иштерине 20 атайын техника жана 30 жумушчу тартылган.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштеринин 5 чакырымы курулуп бүткөн. Куруу иштери толугу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын өздүк каражатынын эсебинен аткарылган.

Связанный пост