10 айда суу объектилеринен 181 миң метр балык уулоочу тор чыгарылды
Өлкө боюнча суу объектилеринен жалпы 181 миң метр балык уулоочу синтетикалык тор жана 3913 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдөн 116 миң 200 метр синтетикалык тор жана 2627 килограмм таштанды алынган.
Торлор жана таштандылар Бишкектеги таштандыларды өрттөөчү заводго жеткирилип жок кылынды.