Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдөгү айрым жер тилкелери трансформацияланат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жана арезиденттин администрациясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Анын күн тартибине ондон ашуун маселе киргизилди.

Жыйында алгач “Индустриялык саясат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун, ошондой эле өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагына байланышкан министрлер кабинетинин тескемесинин долбоорун – Экономика жана коммерция министрлиги сунуштады. Баяндамадан кийин отурумдун катышуучулары суроо-жооптордон соң чечимдерди колдоп беришти.

Мындан тышкары, жыйында жерлерди трансформациялоо маселелери каралды. Анда Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жер тилкелерин “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө министрлер кабинетинин токтомдорунун долбоорун – Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги сунуштады, ага катар кошумча баяндамалар да угулду. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү талкуулагандан кийин кабыл алышты.

Отурумдун күн тартибине ар кандай маселелер да киргизилген. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жыйындагы ар бир айтылган сын-пикирлердин жана сунуштардын эске алынуусу керектигин айтып, ошону менен катар бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.

Связанный пост