Бишкекте автобус жүк ташуучу унааны сүзүп, 4 адам жабыркады

 Бишкекте автобус жүк ташуучу унааны сүзүп, 4 адам жабыркады

Бишкек шаарындагы Жибек жолу проспектисинде №39 каттамындагы автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, төрт жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 07:20 чамасында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Э. У. аттуу айдоочу Zhongtong үлгүсүндөгү автобус менен чыгышты көздөй бара жатып, Калинин көчөсүнө жете электе ортоңку тилкеден оң жактагы четки тилкеге өткөн. Натыйжада ошол тилкеде токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен автобустун төрт жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Мэриянын маалыматына караганда, жүк ташуучу унаада айырмалоочу белгилер жана авариялык жарык сигналдары болгон эмес. Анын аталган тилкеде эмне себептен токтоп турганы азырынча белгисиз.

Ошондой эле автобус айдоочусу тиешелүү текшерүүлөрдүн баарынан өткөндөн кийин каттамга чыгарылганы белгиленди.

Учурда жол кырсыгынын себептери жана жагдайлары такталууда.

Связанный пост