Кыргызстан Болгарияга мөмө-жемиш, жаңгак жана бал экспорттоого кызыкдар
Кыргызстандын кургатылган мөмө-жемиштерин, жаңгактарын жана табигый балын Болгарияга жана Европа биримдигинин рыногуна экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Бул маселе суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асылбек Сатывалдиев Болгариянын Кыргызстандагы элчиси Георги Воденски менен жолугушуусунда көтөрүлдү.
Министрликтен билдиришкендей, тараптар продукцияны сертификациялоо, импорттук талаптарга шайкеш келтирүү жана болгариялык импорттоочулар менен түз байланыш түзүү маселелерине көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жана ишкерлердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кызыкдарлык билдирилди.